Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуНарын району 27.12.2017 14:07

Айыл турмушу: 30 жаштагы Г.Сыдыгалиева кол өнөрчүлүк менен алектенип, фестивалдарга катышат (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Жылан-Арык айылынын 30 жаштагы тургуну Гүлжан Сыдыгалиева кичинекей кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, фестивалдарга катышып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп келет. Анын эмгегин аймактык кабарчы көрүп келди.

Чебер айымдын айтымында, кол өнөрчүлүк менен 11 жашынан бери алектенип калышына чоң энеси түрткү болгон.

«Менин узчулук талантымдын өнүгүшүнө таенем таасир берди. Себеби ал кичинекей кезимде шырдак шырып, сайма саяр эле. Ага жардамдашып жүрүп үйрөнүп алдым.

12 жашымда "Өрмөк" чыгармачылык борборунда окуп, Айгүл эжеден кошумча сабак алдым. Ошондон бери түймө түйүп, өрмөк өрүп, шырдак, бут кийим сүргүчтөрдү жана кагаздан эскиздерди жасап сатам. Эмгегимдин баасы 100 сомдон жогору туруп, буйрутма менен дагы иштейм», - деди ал.

Г.Сыдыгалиева «Өрмөк» чыгармачылык борборунда беш жылдан бери эмгектенип, окуучуларга кол өнөрчүлүктү үйрөтүүдө.

«Алдыда ушул ишимди өркүндөтүп, өнөрлүү балдарга аз да болсо жардам берсем деген ниетим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×