Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Нарында Энергетиктер күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-декабрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, анын биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын, «Чыгышэлектр» ААКтын Нарындагы филиалынын кызматкерлери Ат-Башы ГЭС мекемесинин, Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин, Энергоинспекция бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Энергетиктердин кесиптик майрамы менен облус башчы А.Кайыпов куттуктады. Ал электр энергиясыз учурда эч кандай жумуш бүтпөй тургандыгын белгилеп, Нарын облусунун климаттык шарты оор болгондуктан кыш мезгилинде электр энергиясы көп колдонулушу мүмкүн экенин маалымдады. Ошондой эле, Нарын облусунун калкын, экономика тармагын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздап жаткан жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, бул тармактын жетишкендиктерине токтолду. Андан соң бир катар эмгек алдыңкыларына ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын жана баалуу белектерин тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1393
Көп окулду
×