Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарындагы кесиптик лицейде курулган ашкана пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде жаңы курулган ашкананын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу директор Байыш Турганбаев билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага аталган окуу жайдын студенттери, мугалимдер, ата-энелер жана бийлик өкүлдөрү катышты. Аземде өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Касен Азизов тасма кесип, куттуктоо сөзүн айтып, студенттерге жана эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады. Салтанаттуу аземдин катышуучулары окуу жайдын студенттери тарабынан даярдалган чакан концертке күбө болушту.

Ашкананын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 4 миллион 700 миң сом бөлүнүп, керектүү жабдыктар менен камсыз болду. Ашкана 44 орунга ылайыкталган, анда 250 студент тамактанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 720
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×