Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Видео, фото - Президент А.Атамбаев Нарындагы ипотекалык эки турак жайдын капсуласын салууга катышты

Turmush -  Бүгүн, 8-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Нарын шаарындагы И.Раззаков көчөсүндө курула турган эки турак үйдүн капсуласын салуу аземине катышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, «Арзан турак жай 2015-2020-жылдары» мамлекеттик программасынын алкагында курулуп жаткан турак жай 5 кабаттуу болуп, 60 батирден турат. Учурда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК курулуш иштерин баштады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, турак жайлардын курулуш иштери 2018-жылдын 28-ноябрында аяктайт. Анын жалпы сметалык баасы 93 млн 188 миң 226 сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1140
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу