Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарын районунда 8 адамга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Turmush -  Нарын районундагы 8 адамга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу райондук администрациянын жооптуу кызматкери Турат Кулешов билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата райондун экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар адамдарга Нарын районунун «Ардактуу атуулу» наамын райондун акими Түгөлбай Жанбоев тапшырды.

«Ардактуу атуул» наамын алгандар:

- Шаршенбек Алтыбаев — Ү.Асанов атындагы мектеп-лицей интернатынын мугалими;
- Өмүрбек Курманалиев — М.Мамбетов атындагы орто мектебинин директору;
- Султанбек Каңдыбаев — «Торугарт» мамлекеттик ишканасынын чыгыш филиалынын директору;
- Сыдык Токторалиев — Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну;
- Бабаев Муратбек — юрист;
- Токтосун Дүйшеев — Казан-Куйган айылынын тургуну;
- Карыбек Бошубеков — Грек-рим күрөшү боюнча балдар-уландар мектебинин усулчусу;
- Эсенгул Итибаев — ардагер, милициянын отставкадагы генерал-майору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×