Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Эчки-Башынын 6 тургуну жердештеринин чөбүн жыйнап, миң сомго чейин киреше таап жатышат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Он-Арча айыл аймагына караштуу Эчки-Башы айылынын 6 тургуну биригип, айылдарды кыдырып чөп тартып киреше табышат.

Бул топтун уюштуруучусу Көккөзов Баатырбектин айтымында, айылдагы бош жүргөн жаштарды чогултуп, аларга чөп тартып киреше табууну сунуш кылган.

«Айылыбызда учурда жумушсуз бош жүргөн жаштар көп. Айрым жаштар мамлекетте жумуш жок деп чалкалап же көчө таптап жүрө беришет. Бөтөнчө айыл жергесинде ушундай түшүнүк бар.

Учурда биздин топто 6 бала бирге иштейбиз. Айылдарга барып чөп тартып, үйүнө жеткирип, жыйып дагы беребиз. Бир боо чөптү 4 сомдон жыйсак, алыс аймактан 5 сомдон алабыз. Ар бирибиз көп акча таптык дегенде миң сомдон алабыз. Аз жыйнап калган учурларда 300-400 сомдон жогору каражат табабыз. Бул өтө көп эмес киреше, бирок бул топто иштеген балдар ушул акчасы менен үй-бүлөсүн багууда», - деди топтун уюштуруучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 403
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу