Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарындык балбан Б.Сатыев грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну Байэл Сатыев грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга даярданып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга спортчу өзү билдирди.

Маалым болгондой, ал буга чейин кадеттер арасында Таиландда өткөн Азия чемпионатында күмүш байгени багындырган. Б.Сатыев учурда Греция мамлекетинде сентябрь айында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн машыгуудан өтүп жатат. Ал быйыл Б.Бекжанов атындагы орто мектебин аяктады. Спорт менен 5 жылдан бери машыгат. Ушул жылдар аралыгында бир нече мелдештерде ийгиликтерди жаратып, спорттун чеберлигине талапкер болгон. Байэл дүйнө чемпионатында 54 салмактык категориясында күч сынашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 642
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×