Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Достукта таза суу көйгөйү чечилбей, жылуулук системасы иштебей жатат

Turmush -  Нарын районуна караштуу Достук айылында таза суу көйгөйү чечилбей жана жылуулук системасы иштебей турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Достук айылынын башчысы Турдалы Көлбаев билдирди.

IMG-20170828-WA0005

«СССР таркаган учурга чейин Достук шаарчасы гүлдөп өнүгүп турган айыл болгон. Союз таркагандан кийин каралбай калып, таза суу системасы капиталдык оңдоодон өткөн жок. Анын кесепетинен айылдын таза суу системасы керектен чыгып, канализация, жылуулук берүү системасы иштебей турат. Азыркы учурда айыл өкмөттүн балансындагы 495 миң сомго таза суу системасынын долбоорлук сметасын даярдап, өкмөткө сунуштадык. Муну карап чыгып, маселени чечип бермей болушту. Бул жылы акча бөлүнүп калса жакшы болот эле», - деди Т.Көлбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×