Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарында М.Баетовдун 115 жылдыгына арналган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын райондук маданият үйүндө обончу М.Баетовдун 115 жылдыгына арналган жеке аткаруучулардын сынагы жыйынтыкталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган сынакка райондун айылдарынан тандалып келген 8 аткаруучу катышты. Сынактын катышуучулары обончу жана аткаруучу М.Баетовдун обондуу ырларын чеберчилик менен аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. Сынактын жыйынтыгында биринчи орунду алган Дөбөлү айылынын тургуну Кененбаев Канатбекке бир жарым миң сом, 2-3-орунду алган Орто-Саз айылынын тургуну Алмазбек кызы Айпери 800 сом акчалай сыйлык жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Ал эми, Он-Арча айылынын тургуну Токтобеков Кыпчак, Кеңеш айылынын тургуну Абакиров Бердикожо, Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулова Мунара, Жылан-Арык айылынын тургуну Токтокыдырова Гүлбарчынга 500 сомдон акчалай сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 472
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу