Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарын районунун билим берүү кызматкерлеринин кеңешмеси өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Жаштар ордосунда Нарын районунун билим берүү кызматкерлеринин кеңешмеси өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кеңешмеге райондун акиминин орун басары Роза Жумаева, облустук билим берүү борборунун директорунун орун басары Сейтек Кошалиев, мектептердин директорлору, бала бакчалардын башчылары жана мугалимдер, тарбиячылар катышты. Кеңешмеде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белеков өткөн жылдагы ийгиликтер жана жетишкендиктер жөнүндө баяндама жасады. Анын айтымында, райондо 31 орто, 1 негизги, 2 башталгыч, 1 чыгармачыл борбор жана 32 бала бакча иш алып барып, 1036 мугалим, 154 тарбиячы эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 770
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×