Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарындыктар өз ишине кайдыгер караган электр тармактар ишканасына нааразы (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү турак үйлөрдүн буюмдары жогорку чыңалуудагы электр тогунан күйүп кеткен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, 18-август күнү түшкү саат 12:30 чамасында аймактагы трансформатордон жогорку чыңалуудагы электр тогу келип, сыналгы, муздаткыч жана башка техникалык буюмдар күйүп кеткен.

«18-август күнү түштө короодо жүргөм, аялым электр тогу жогорку чыңалууда келди деп айтып калды. Ал ошол учурда сыналгыны гана өчүргөнгө жетишип калыптыр, бирок сыналгынын ресивери, электр менен иштеген чайнегибиз күйүп, жарактан чыгып калды. Жакын турган кошуналардын сыналгысы, тамак ысыткычы, муздаткычы жана башка керектүү оокаттарын күйгүзүп кетиптир. Кошуна турган үч үй жалпы 27 миң сомго зыянга учурады. Мындан башка бизден алыс турган үйлөрдүн биринде дагы жаңы алган муздаткычы менен электр менен иштеген чайнеги жарактан чыгып, 25 миң сомго жабыр тартты», - деди айыл тургуну Турсунбек Жумабеков.

Нарын электр тармактар ишканасы 18-август күнү болгон окуяга кайдыгер караганына тургундар нааразы болушууда.

«Ошол 18-август күнү электр тармактар ишканасына байланышсак кечигип келишти. Болгон окуяны телефон чалып, кечигип келген кызматкерлерине дагы айттык. Алар эч кандай реакция жасабай, билгениңерди кылып алгыла дегендей кетип калышты. Эч майнап чыкпагандыктан 21-август күнү электр тармактар ишканасынын башчысына кайрылып, кошуналардын арызын кошо тапшырдым. Ага учурунда окуяга байланыштуу зыяндарды эсепке алыш керек эле, жогорку жакка кайрылам десем “барсаң бара бер” деп тоготпостук кылып койду. Менин буюмдарым күйүп кетсе эч нерсе дебейт элем, болгону кошуна пенсионерлердин оокаттары күйүп кеткени үчүн эле кайрылып жатам», - деди Турсунбек Жумабеков.

Ал эми, Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын башчысы Турсунбек Алымбаев бул окуя боюнча жергиликтүү тургундардан кайрылуу келип түшкөндүгүн жана иш каралып жаткандыгын билдирди.

«Бул окуя боюнча кайрылуу келип түшүп, биздин кызматкерлер жеринен барып жогорку чыңалуудагы электр жарыгын берген трансформаторду оңдошкон. Азыркы учурда толук тактоо иштери жүрүп жатат. Бул жерде биздин эле эмес, ошол жердеги тургундардын дагы күнөөсү бар. Себеби электр жарыгына күч келгендиктен бир фаза күйүп кетип, жогорку чыңалуудагы электр тогу берилген.

Ал эми нааразы болуп жаткан тургундар 21-август күнү арыз менен кайрылды. Жазылган арыздар 14 күндүн ичинде каралгандыктан 23-август күнү саат 15:00 планга алынып, биздин кызматкерлер жеринде таанышууга кетишти. Жазылган арыз 14 күндүн ичинде толук каралып, бул окуя боюнча дагы кенен маалымат беребиз», - деди Т.Алымбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 961
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×