Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Билим берүүнүн отличниги А.Асанбекова бала кезден ыр жазып, 3 китептин автору болду (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Айымкүл Асанбекова көп жылдан бери окуучуларга кыргыз тилден сабак берип келет. Ал Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисине, Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы наамына ээ болгон. Айымкүл айым 4-классынан тарта ыр жазууга кызыгып, кийин повесть, аңгемелерди жазып, үч китептин автору болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, жазган чыгармалары өзүнүн жашоо турмушунан алынат.

«Бала кезде мугалим болууну самап, акыры мугалим да болдум. 1991-жылы азыркы БГУнун орус тили жана адабияты факультетин аяктап, 7 жыл орус тилчи мугалим болуп иштедим. Айылда кыргыз тилчи мугалимдин жетишсиздигинен 2000-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетине окуп баштагам. Ошондон бери кыргыз тилчи мугалим болуп эмгектенип келе жатам.

Бала кезимден тарта көбүнчө лирикалык ырларды жазам. Студент кезде гезиттерге ырларымды жарыялап, макала дагы жазып калдым, радио берүүлөрдө ырларым окулуп жүрдү. 2000-жылдары чыгармачылыгымдын негизинде Нарын телеберүүсүнүн “Алтынчы күнү кечинде” берүүсүнө 2-3 ирет тартылгам.

Апам Кайыр Эсенбаева жаш кезинде көп гезиттерге макала жазып жүргөнүн көрүп, мен дагы жазып жүрдүм. Азыр жумушка байланыштуу көп иштерге жетишпей калдым», - деди мугалим А.Асанбекова.

Мугалимдин атасы «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээси Талгатбек Жусупов мектептерде директор, кыргыз тилчи мугалим болуп эмгектенген жана 50дөн ашык илимий макала жазган.

«Атам Талгатбек Жусупов айылдын сыймыктуу мугалими болчу. Ал мектепте директор, кыргыз тилчи мугалим болуп эмгектенип, 50дөн ашык илимий макала жазып чыккан. Атамдын каалоосу менен мугалим болуп, анын жолун жолдоп келе жатам. Атамдын эмгеги бааланып, КРдин “Эл агартуунун отличниги”, “Ардактуу инсаны”, “Билим берүүнүн отличниги” наамдары менен сыйланган. Атам балдарын мугалим кылууну көздөп, баарыбызды педагогикалык факультеттерде окуткан. Учурда бир туугандарым мугалим жана журналист болуп эмгектенип келишет», - деди мугалим.

Айымкүл Асанбекова өзүнүн поэзия, повесть, аңгемелеринин жыйнагын 3 китеп кылып чыгарып, 4-китебин чыгаруунун алдында турат.

«Студент кезимден бери жазган ырларымды, аңгеме, повесть, прозаларымды чогултуп китепке басып чыгаргам. Китептерим айылдагы китепканага коюлуп, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө татыды. Жазган повесть, аңгемелеримдин көбү күнүмдүк жашоо турмуштан алынган. Учурда 4-китебимди чыгарайын деп даярдык көрүп жатам», - деди ал.

Айымкүл эже бош убактысында сайма сайып, кол өнөрчүлүк менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 608
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу