Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Элдик дарыгер С.Көбөков 100дөн ашык чөптөн дары жасайт (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын 76 жаштагы тургуну Султек Көбөков июль айында Моңголия мамлекетине барып, элдик дарыгерлер менен тажрыйба алмашып келди. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, бейтаптарды ар кандай ыкма менен дарылоо боюнча бир жума Моңголияда болуп, ал жактын дарылоо ыкмасы менен таанышып келген.

Султек Көбөков элдик дарылоо менен 1990-жылдан бери алектенип келет. Чөптүн 110дон ашык түрү менен ооруларды дарылайт.

«Мен 1990-жылдан бери чөп дарылар менен бейтаптарды айыктырып келем. Өзүмдүн дарыгер боюнча билимим жок. Мектепте 7-класска чейин эле окуп, ооруга байланыштуу сабакка барбай калгам. Ооруга байланыштуу көптөгөн дары чөптөрдү изилдеп, ичип, колдонуп көрдүм. Ошол оорудан айыккандан кийин өзүмдүн кыргызчылыгым бар экенине күбө болуп, аны алып кетүү максаты менен азыркы убакка чейин чөптөрдөн дары жасап, элди дарылап келем. 110дон ашык дары чөптүн түрү менен көптөгөн ооруларды айыктырам. Өткөн айда Бишкек шаарындагы коом аркылуу Моңголияга барып тажрыйба алмашып келдим», - деди Султек Көбөков.

Султек Көбөков элдик дарыгерлер арасында сынактарга, семинарларга катышып, грамоталарга ээ болгон жана Кыргызстандын «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 792
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу