Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Н.Абдыжапарова сүт иштетүүчү ишкана ачып, айылдаштарын жумуш менен камсыз кылды (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылынын 54 жаштагы тургуну Мирбүбү Абдыжапарова 1997-жылдан бери сүт иштетүүчү чакан ишкана иштетип, 7 жумушчуну иш менен камсыз кылып келет.

Жеке ишкерлик менен алектенген Мирбүбү Абдыжапарова алгач короосундагы 4 уйдун сүтүнөн каймак, айран жасап сатып баштаган. Акырындык менен айылдаштарынан сүт чогултуп, айылындагы бала бакчага жана Нарындагы дүкөндөргө сүт азыктарын сатып турган. Анын чакан ишканасы тендерди утуп, учурда Нарын шаарындагы бардык бала бакчаларды, ооруканаларды сүт азыктары менен камсыз кылууда.

«Бардык кыйынчылыктын арты жакшылык менен коштолот экен. 1996-1997-жылдары жумушсуздук күч алып турганда эмне иш кыларыбызды билбей, көбүнчө үйдө бош отуруп калганбыз. Ошол учурда өзүбүздүн короодогу 4 уйдун сүтүн Нарынга ташып сатып жүрүп, акыры айылыбыздан эле сүт чогултуп, андан каймак, айран, сары май алып сатып баштадым. Башында көп кыйынчылыктар болду. 2004-жылы жеке ишкерлик боюнча каттоодон өтүп, 2009-жылы айылды жакырчылыктан чыгаруу боюнча долбоорду жеңип алып, 60 миң сом каражат бөлүнүп берилген. Учурда күнүнө 150 литр сүт иштетилип жатат. Бирок бала бакчалар ишке киришип баштаган учурда 800 литрге чейин сүт иштетилип турат. Сүттөр жана малдар ар дайым текшерүүдөн өтөт. Алгач өндүрүлгөн азыктар айыл ичине жана дүкөндөргө сатылса, кийин тендердин жыйынтыгы менен Нарын шаарындагы бардык бала бакчаларга жана ооруканаларга сатылууда», - деди ал.

Буга чейин Мирбүбү айым 2 бөлмөлүү үйүн ишкана кылган. Учурда сүт азыктарын чыгарууга айыл өкмөттөн жер алып, ишкерлигин өнүктүрүүнүн үстүндө.

«Быйыл айыл тургундарына жумуш орундарын түзүү боюнча айыл өкмөттөн 8 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилди. Азыр 7 келин жумуш менен камсыз болуп иштеп келет. Ишканабыз дагы кеңейип калса жумушчу алайын деп турам», - деди ишкер айым.

Мирбүбү Абдыжапарова ишкерликти мыкты өздөштүрүп, айыл элин иш менен камсыз кылып, ишин жигердүү алып барып жаткандыгы үчүн райондук, облустук администрациядан, Р.Отунбаевадан, Ө.Суваналиевден, айыл өкмөттөн, Кыргызстан аялдар конгрессинен ардак грамоталар менен сыйланган.

Ишкер айымдын жолдошу Жумабек Алчыкенов айылда ветеринар жана жубайынын ишканасында жардамчы болуп иштейт. Алар 2 уул, 3 кызды тарбиялап өстүрүштү. Учурда 7 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 765
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу