Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Сары-Ой айылындагы жолдорго асфальт төшөлүп жатат (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында 1,5 чакырым жол асфальтталууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга №8 жол тейлөө мекемесинин башчысы Кубан Токобаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, Нарын жол тейлөө мекемесине 2,5 чакырым жолду асфальттоого мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн.

«Биздин мекеме жалпысынан Нарын районуна караштуу 405 чакырым жолду тейлейт. Анын 130 чакырымы асфальт жолдор, калганы шагыл жолдор болуп эсептелинет. Быйыл бизге республикалык бюджеттен 2,5 чакырым жолду асфальттоого каражат бөлүнгөн. Учурда Ийри-Суу айылында 1 чакырым жол, Сары-Ой айылында 1,5 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө», - деди Кубан Токобаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 668
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×