Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Жаш талант: 12 жаштагы манасчы С.Токтомушова кароо-сынактарда байгелүү орундарды багындырат (видео, фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Куланак айылынын 12 жаштагы тургуну Сайкал Токтомушова 4-классынан баштап «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, сынактарга катышып келет. Жаш манасчы менен аймактык кабарчы таанышты.

Сезим 4-класста окуп жүргөндө сыналгыдан С.Каралаевдин «Манас» эпосунан үзүндү айтып жатканын көрүп, андан таасир алып, шыктанган.

«Кичинекей кезимде ырдап сынактарга катышууну кыялданчумун. 4-класста окуп жүргөндө сыналгыдан С.Каралаев "Манас" эпосунан үзүндү айтып жатканын көрүп отуруп, мен дагы айткым келди. Ал берүүдөн кийин "Манас" эпосунан үзүндү окуп, жаттап баштагам. Ошол эле жылы "Жаш талант” кароо-сынагына тандоо болуп, мен дагы катышып калдым. Ошондон бери өрөөндүк, райондук кароо-сынактарга катышып байгелүү орундарды алып келе жатам. Келечекте көптөгөн чет мамлекеттерге барып сынактарга катышып келсем деген кыялдарым бар», - деди ал.

Сайкал мектептен алдыңкы окуучулардын катарын толуктап, стипендия алып турат. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын эң кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 629
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×