Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Фото - Эмгекчил айылынын тургундары ичкиликтен баш тартып, дүкөндөрдөгү арактар жок кылынды

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында алкоголдук ичимдиктер жок кылынып, айылдыктар ичкиликтен баш тартышты.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, 12-август күнү айылдыктар 400 миң сомдук ичимдиктерди айылдын четине алып барып талкалашкан. Бул демилгени айылдын жаштары 3 ай мурун көтөрүп чыгып, айыл ичиндеги дүкөндөрдөн арак, сыраларды сатып алууга каражат чогултушкан.

4 миңге чукул калкы бар Эмгекчил айылында 10го чукул дүкөн бар болсо, анын бешөөндө спирт ичимдиктери сатылып келген. Айыл жаштары дүкөнчүлөрдү ичимдиктерди сатпоого үндөп, бирок жыйынтык чыкпай келген эле. Ал эми, 5 дүкөндүн сатуучулары өз ыктыярлары менен ичимдик сатууну токтотушкан.

Элдин ден соолугун бекемдөө, ар кандай кырсыктарды алдын алуу, жаштарга тарбия берүү максатында өлкөнүн айылдарындагы активисттер тарабынан спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу демилгелери улантылып жатат.

Тема боюнча:

28.02.2017Фото - Ысык-Көлдүн Оттук айылынын эли 115 миң сомдук спирт ичимдиктерин жерге төгүштү (видео)
03.04.2017Кочкордогу Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн эли дагы спирт ичимдиктерине тыюу салууну демилгелешти
03.04.2017Спирт ичимдигине тыюу салуу: Тоңдун 4 айылында 200 миң сомдук спирт ичимдиктер жок кылынды (видео)
25.05.2017Жумгалдын Беш-Терек айылында орозо маалында спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынды
24.07.2017Аксынын Кара-Суу айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1080
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×