Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кыргызстандын 6 жаштагы чемпиону бөбөктөргө шахматтын эрежесин айтып берди (фото)

Turmush -  Нарын районундагы «Жалгыз-Терек жоогазындары» бала бакчасынын тарбиячылары жыл сайын жайлоо бала бакчасын уюштуруп келишет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга бала бакчанын башчысы Гүланда Мүсүралиева билдирди.

Анын айтымында, быйыл жайлоо бала бакчасына 30 бөбөк тартылган. Алар күн сайын бала бакчадан ой жүгүртүүсүн өстүрүп, ар кандай оюндарды ойноп, жайкы эс алууларын көңүлдүү өткөрүп жатышат. Мындан тышкары, тарбиячылар балдарга мастер-класстарды өтүп, өз алдынча эмгектенүүгө үйрөтүшүүдө.

«Балдар шахмат үйрөнүп, мелдештер уюштурулуп жатат. Шахмат боюнча Кыргызстандын 6 жаштагы чемпиону Айжан Съездбекова бизге конокко келип, тарбиялануучуларга шахмат тууралуу кызыктуу баян айтып берди», - деди Г.Мүсүралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 684
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×