Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Нарын облусуНарын району 31.01.2017 08:13 На русском

Достук айыл өкмөтүнүн башчылыгына Т.Көлбаев шайланды

Turmush -  Нарын районундагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Т.Көлбаев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, ал аталган кызматка жалгыз талапкер болуп катталган. Аны айылдык кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп беришти.

Т.Көлбаев 1976-жылы Аламүдүн районундагы Таш-Төбө айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз мамлекеттик агрардык университетин бүткөн. Кесиби боюнча жогорку билимдүү инженер-механик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×