Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 31.01.2017 07:58

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Мамырбаев шайланды

Turmush -  Кечээ, 30-январда Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Касымакун Мамырбаев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шайлоого Учкун айылдык кеңешинин 21 депутаты толук катышты. Аталган кызматка К.Абай уулу менен К.Мамырбаев ат салышты. Жыйынтыгында К.Мамырбаев 11 добуш, К.Абай уулу 9 добуш алды. Бирөө каршы добуш берди. Көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон Касымакун Мамырбаев Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

К.Мамырбаев 1979-жылы Учкун айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин бүткөн. Буга чейин Учкун айылынын башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×