Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Нарын облусуНарын району 31.01.2017 07:43

Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп Б.Өмүралиев шайланды

Turmush -  Кечээ, 30-январда Нарын районундагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп Б.Өмүралиев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү депутат Венера Сулайманова кабарлады.

Анын айтымында, аталган кызматка Ч.Жакыпов, Б.Өмүралиев жана Б.Кошалиев талапкер болушкан. Б.Кошалиев шайлоого чейин эле өз талапкерлигин алып салды. Шайлоодо Б.Өмүралиев 6 добушка, Ч.Жакыпов 5 добушка ээ болду. Жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүк добушун алган Б.Өмүралиев Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Шайлоо бүткөндөн кийин айылдын айрым жаштары чогулуп, шайлоонун өтүшүнө нааразычылыктарын билдиришти. Алар жергиликтүү депутаттарга айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо талаптарын коюшту. Аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү түшүндүрмө беришкенден кийин чогулган жаштар тарап кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×