Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Нарын облусуНарын району 30.01.2017 09:45

Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчылыгына З.Эсенгулов шайланды

Turmush -  Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчылыгына Замирбек Эсенгулов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган кызматка З.Эсенгулов, А.Шалтаева жана З.Кемелбеков ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгында З.Эсенгулов 6 добуш, З.Кемелбеков 5 добуш алды. Ал эми А.Шалтаева депутаттардын бир да добушун алган жок. Көпчүлүк добушка ээ болгон Замирбек Эсенгулов Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн жетекчилик кызматына шайланды.

З.Эсенгулов 1959-жылы Казан-Куйган айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×