Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуНарын району 30.01.2017 09:32 На русском

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ш.Жумабекова шайланды

Turmush -  Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кайрадан 49 жаштагы Шекер Жумабекова шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шайлоого жергиликтүү кеңештин 11 депутаты толук катышты. Аталган кызматка Т.Сейитмамбетов, М.Куланбаев жана Ш.Жумабекова ат салышкан. Шайлоо алдында Т.Сейитмамбетов талапкерлигин алып салды. Жыйынтыгында Ш.Жумабекова 7 добушка ээ болсо, М.Куланбаев 4 добуш алды.

Депутаттардын көпчүлүк добушун алган Шекер Жумабекова кайрадан Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×