Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 30.01.2017 08:25 На русском

Нарындагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кайрадан Д.Шеримбеков шайланды

Turmush -  Нарын районундагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кайрадан Дүйшөнбек Шеримбеков шайланды. Шайлоо кечээ, 29-январда өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, аталган кызматка 2 талапкер катталып, бирок Алтынбек Ташболотов шайлоого чейин талапкерликтен баш тарткан. Шайлоодо айылдык кеңештеги 11 депутат жалгыз талапкерди колдоп добуш беришкен.

Экинчи мөөнөткө шайланган Д.Шеримбеков Жан-Булак айылынын тургуну катары катталганы менен Нарын шаарында жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×