Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Нарын облусуНарын району 28.01.2017 09:44

Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчылыгына А.Молдосалиев шайланды

Turmush -  Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп Автандил Молдосалиев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, шайлоого Он-Арча айылдык кеңешинин 11 депутаты толук катышты. Аталган кызматка Автандил Молдосалиев менен Кайратбек Турсуновдун талапкерлиги коюлган. Жыйынтыгында А.Молдосалиев 5 добуш, К.Турсунов 3 добуш алды.

2-турда талапкер А.Молдосалиев үчүн депутаттардын алтоо макул деп добуш берсе, ал эми 5 депутат каршы добуш беришкен. Көпчүлүк добуш менен Автандил Молдосалиев Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды.

А.Молдосалиев Оттук айылында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик башкаруу факультетин бүткөн. Буга чейин жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×