Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Нарын облусуНарын району 27.01.2017 11:53

8 баланы тарбиялаган нарындык С.Курманалиева «Баатыр эне» сыйлыгы берилбегенине нааразы (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Алыш айылынын 52 жаштагы тургуну Сагын Курманалиева ушул күнгө чейин «Эне даңкы» же «Баатыр эне» сыйлыктарын ала элек.

С.Курманалиеванын айтымында, ал 8 баланын энеси. 5 уулу, 3 кызы бар. Улуу кызы 29 жашта, кичүүсү 6-класста окуйт. Балдары үчүн акыркы 3 жылдан бери жөлөк пул албай келет.

«Менин учурда 4 балам шаарда менчик ишканаларда күнүмдүк жумушта иштешет. Бир кызым Россияда туугандарыбыздын баласын багып иштеп жатат. Андан кийинкилери мектепте окушат. Балдарым жогорку окуу жайларга тапшырган эмес. 8 балам болсо да «Эне даңкы» же «Баатыр эне» медалын ала элекмин. Бул тууралуу 2013-жылы өкмөткө кайрылсам, «сиз эмес, сизден муруңкулар ала элек», - деп кетиришкен. Пенсияга чыкканыма байланыштуу 3 жылдан бери жөлөк пул ала элекмин. Өкмөттөн 3500 сом пенсия алам. Жолдошум Эдилбай Турсунбаев шаарда менчик ишканада убактылуу жумушта иштейт», - дейт ал.

С.Курманалиева белгилегендей, алардын жеке менчик үйү, жери жана колго кармаган малы жок. «Учурда алыс туугандарыбыздын бош үйүндө убактылуу жашап жатабыз. Жер маселеси тууралуу өкмөткө кайрылсам, сарайдын четинен 66 сотых жер бөлүп беришкен. Ал жердин жарым акчасы төгүлө элек болгондуктан, документин ала элекпиз», - дейт ал.

Мындан тышкары, С.Курманалиева рак оорусуна чалдыгып, дарылана албай жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×