Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Нарын облусуНарын району 25.01.2017 10:25 На русском

Айыл турмушу: Нарындык мугалим А.Буудайчиев Тоолуу Бадахшанда иштеп келген (фото)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну Асанкул Буудайчиев 28 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты сабагынан окуучуларга сабак берүүдө. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Анын айтымында, 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган. 1988-1990-жылга чейин Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районунда мугалим болуп иштеген.

«1991-жылдан бери өзүм окуган Актан Тыныбек атындагы орто мектебинде иштейм. Мугалимдин негизги милдети коомго татыктуу инсанды тарбиялап чыгаруу. Ал үчүн чыдамкайлык менен иштеп, балдардын ички дүйнөсүн терең өздөштүрүү керек. Ошондо гана максатыңдын өтөөсүнө чыгасың. Окуучуларым ар түрдүү кесип ээлери болуп өз ордуларын таап жатышат. Алар менен ар дайым сыймыктанам», - деди ал.

Мектепте директордун тарбиялык иштери боюнча орун басары кызматын да аркалаган. Райондук кеңештин депутаты болуп шайланган.Бош убактысында ыр жазуу менен алектенет. «Жан дүйнө», «Шамал учурган жылдар» аттуу ырлар жыйнагы чыккан.

Бул жылдар ичинде Асанкул Буудайчиев «Билим берүүнүн мыктысы», «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери менен сыйланган. Кыргызстан журналисттер кошунун мүчөсү. Жубайы Орозгүл Осумбекова да мугалим болуп иштейт. Экөө 1 кыз 2 уулду тарбиялап өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×