Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Нарын облусуНарын району 23.01.2017 10:57 На русском

Айыл турмушу: Нарындык бир тууган окуучулар Шербол менен Акбар чана менен акча табышууда (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы А.Садыков атындагы орто мектебинин окуучулары, бир туугандар Акбар Дүйшекеев менен Шербол Жолдошбековдор, «Нарын» лыжа базасында ижарага чана берип, акча табышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бир туугандардын айтымында, Шербол 8-класста, кичүүсү Акбар 4-класста окуйт. Алар бул жерден тапкан каражаттарына кийим-кече жана окуу куралдарын алышат.

«Биз «Нарын» лыжа базасына жакын жерде жашайбыз. Кышкысын дем алыш күндөрү ушул жерде ижарага чана берип, акча чогултабыз. Күнүнө 150-400 сом таап кетебиз. Байкем Шербол 15 жашта, мен 11 жаштамын. Экөөбүз чогулткан акчага кийим жана окуу куралдарын алабыз. Эми эркин күрөш менен машыгуу үчүн бут кийим алалы деп жатабыз», - деди кичүүсү Акбар.

Акбар менен Шербол үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×