Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 22.01.2017 13:38 На русском

Тарых инсаны: 59 жыл мектепте иштеген нарындык мугалим А.Сманбаевдин 8 баласы филолог, 20 окуучусу илимдин кандидаты болду (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Жаңы-Талап айылында көп жылдан бери мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан Аман Сманбаев 83 жашка толду. Бул тууралуу үй-бүлөсү аймактык кабарчыга билдирди. 

Белгилүү болгондой, агайдан билим алган окуучулардын 20дан ашыгы илимдин кандидаты болушту.

Ал 1934-жылы ушул эле айылда туулган. Улуттук университеттин филология факультетин 1961-жылы аяктап, 59 жыл бою мектепте мугалимдик кесипти аркалаган. 1953-1954-жылдары Талас шаарында кыргыз адабиятынан сабак берсе, калган жылдары Нарындын айылдарында эмгектенген.

11

«Иштебей калганыма 5 жылдын жүзү болду. Азыр пенсиядамын. Китеп, гезиттерди окуп, небелеримдин сабагына да жардам берем. 11 баланын, 29 неберенин, 13 чөбөрөнүн атасымын. Менин жолумду жолдоп, 8 балам филология факультетин аяктаган. Улуусу Өрнөкбек Сманбаев И.Арабаев атындагы университеттин профессору болду. Экинчи кызым Бактыгүл Сманбаева Нарын мамлекеттик университетинин мугалими. Бир уулум айылыбыздагы Асанбек Табалдиев орто мектебинин директору, калгандары да ушул кесиптери менен орто мектептерде мугалим», - деди А.Сманбаев.

Аман аксакалдын жубайы 10 жыл мурун каза болгон.

2002-жылы мугалимдин калемине таандык «Кыргыз Ала-Тоосу», «Жат жазуулар жыйнагы», «Баяндамалар жыйнагы», «Кыргыз адабияты» китептери жарык көргөн. Ошондой эле көптөгөн сыйлыктарга татып, 2002-жылы «Эл мугалими», 1976-жылы «Эмгек сиңирген мугалим», «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамдары, Жогорку Советтин, министрликтердин ардак грамотасы, «Эмгек каарманы» медалы жана Лениндин 100 жылдыгына арналган «Ленин 100» медалынын ээси болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×