Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Нарын облусуНарын району 21.01.2017 13:09

Орток айыл өкмөтүнүн башчылыгына А.Сеңирбаев кайрадан талапкер болуп катталды

Turmush -  Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчылыгына Алтынбек Сеңирбаевдин талапкерлиги катталды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы кабарчыга билдирди.

Ал буга чейин аталган айыл өкмөттү жетектеп келген. Айыл өкмөт башчыны жергиликтүү депутаттар 25-январда шайлайт.

Буга чейин маалымдалгандай, 2016-жылы 11-декабрда шайланган Орток айылдык кеңешинин төрагасы болуп Кеңешбек Мүсүров бекитилген. Айылдык кеңеште 11 депутат бар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×