Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 20.01.2017 09:02

Айыл турмушу: Кеңеш айылындагы хоккей аянтында коньки тепкендердин улуусу 75 жашта болсо, кичүүсү 6 жашта (фото)

Turmush -  Нарын районунун Кеңеш айылындагы жаштарды хоккейге машыктырып, дүйнөгө тааныткысы келген Зарылбек Абдыкаев учурда балдарга хоккейден сабак берет. Аны менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Кеңеш айылында тургундардын арасында хоккей оюнун өздөштүрүүнү көздөгөн жаштар 2 жылдан бери атайын акча чогултуп, жер сатып алышкан.

«Мен ушул айылда өстүм. Айыл жаштарын хоккейден тышкары футбол сыяктуу оюндарга үндөйм. Өзүм жеке ишкерчилик менен алектенем. Бул айылдын 90% тургундарын спортко кызыктырдым. Өзүм борбордо болсом дагы айылга тез-тезден келип турам. Учурда муз аянтчасына келип коньки тепкендердин улуусу 75 жаштагы ата болсо, эң кенжеси 6 жаштагы Ариет Кубан уулу. Хоккей ойногонго кызыккан жеңелерибиз дагы бар. Балдарга формаларынан бери алып берем», - деди З.Абдыкаев.

Ал айыл жаштарына хоккей оюнун терең үйрөтүп, чет жакка чыгарсам деген максаты бар.

«Кичинекей кезимде сыналгыдан чет өлкөнүн хоккей боюнча оюндарын көп көрүп, мен дагы ушундай оюнду уюштуруп ойносом деп кыялданчумун. Ал кезде хоккейдин формасы эмес шайбабыз дагы жок эле. Шайба кандай болду экен деп кармап көргөнгө кызыкчумун. Эми бала кезимдеги кыялым орундалып жатат. Биз бул жактан балдарды темирдей бекем тарбияга көндүрөбүз», - деди ал.

З.Абдыкаев учурда 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×