Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Нарын облусуНарын району 18.01.2017 16:51 На русском

Айыл турмушу: Канадалык Ш.Кармен Нарындагы балдарга хоккей үйрөтүүгө келди (фото)

Turmush -  Канадалык Шон Кармен Нарын районунун Кеңеш айылынын хоккейге кызыккан жаштары менен тажрыйбасын бөлүшкөнү келген. Ал Кыргызстанга 2-ирет келгенин аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен бул өлкөгө 2-жолу келдим. Учурда эмгек өргүүдөмүн. Кеңеш айылында хоккейди өнүктүрүп, жаштарды спортко үндөө боюнча жардам бергим келет. Келгениме 1 жума болду, өзүм Канададан болом. Бул жактын суугу Канадага жетпейт экен.

Биздин өлкөдө хоккей оюнун билбеген бир да бала жок. Бул жактагы балдардын кызыгуусу да күч экен. Жаштардын хоккейге болгон кызыгуусун көрүп, аны өздөштүрүүгө жардам берүүнү чечтим», - деди Кармен.

Ал эмгек өргүүсү аяктагандан кийин мекенине кайтат. Нарынга мүмкүнчүлүк таап кайра келүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×