Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Нарын облусуНарын району 15.01.2017 13:26 На русском

Нарында «КамАЗдын» алдына кирип кеткен жеңил унаадан 2 адам каза болду, оор жаракат алгандар бар

Turmush -  Нарын районунун Куланак айылынын аймагында «Ауди» үлгүсүндөгү унаа «КамАЗдын»  алдына кирип кетип, 2 адам каза болду. Ошондой эле, 4 адам оор жаракат алып ооруканага жеткирилгенин жергиликтүү тургундар маалымдашты.

Маалым болгондой, кечээ, 13-январда түшкө маал Нарындан келе жаткан «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаа Куланак айылына кире бериштен тайгаланып, алдыда келе жаткан «КамАЗ» унаасынын астына кирип кеткен. Жеңил унаанын ичинде айдоочу, жүргүнчүлөр  2 жаш бала, алардын чоң апасы, анын уулу жана келини, жалпы 6 адам болгон.

Кырсыктын кесепетинен 2 жүргүнчү уулу менен апасы окуя болгон жерден көз жумганы айтылууда. Ал эми ал үй-бүлөнүн келини, 2 жаш бала жана айдоочу катуу жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×