Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуНарын району 06.01.2017 08:45 На русском

Айыл турмушу: Б.Борбиев Нарында 4 жылдан бери коён менен көгүчкөн багат (видео, фото)

Turmush -  Нарын районундагы Учкун айылынын тургуну Бактияр Борбиев 4 жылдан бери үй шартында коён менен көгүчкөндөрдү багат. Бул ишке болгон кызыгуусу бала кезинде башталганын анын чарбасы менен таанышкан кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, учурда 20га чукул коён, 15ге жакын көгүчкөндөрү бар.

«Коёндор жаз мезгилинде биз менен чогуу эле аралашып, үйгө чейин кирип жүрө беришет. Кээде эркелетип, кээде урушуп калам. Бири-бирибиз менен тил табышып, ошого жараша мамиле кылабыз. Алгач жөн гана кызыгуу менен 4 коён, 3 көгүчкөн багып баштагам. Азыр коёндорум 20га, көгүчкөндөрүм 15ке жетти. Аларды торго камап же атайын өзгөчө тамак деле бербейбиз. Мал жеген чөп, жем менен тамакташынат», - деди Б.Борбиев.

Ал көгүчкөндөр менен коёндорду ишкердик кылуу максатында эмес, жөн гана өзүнүн кызыгуусу менен кармайт. Алардын башка түрлөрүн да багууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×