Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 03.01.2017 09:26

Эмгекчилдеги ФАПта суу ташып келүү көйгөйү жоюлду

Turmush -  Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн имараты менен айылдагы ФАПка таза суу киргизилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттүн иш кагаздар боюнча адиси Айгүл Абдылдаева билдирди.

«Айылдыктарга медициналык кызмат көрсөткөн ФАПтын имаратынан таза суу чыгарылып, суу ташып келүү көйгөйү жоюлду. Ошондой эле, айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин имаратына таза суу киргизилди. Ага керектүү каражат айылдын бюджетинен бөлүндү», - деди А.Абдылдаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×