Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуНарын району 31.12.2016 10:41

Жаш талант: Нарындык 8 жаштагы А.Үсөнкулов 3 жашынан бери Манас айтып келет (видео, фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Актан Тыныбек уулу орто мектебинин 2-классынын окуучусу Алишер Үсөнкулов 3 жашынан бери Манас айтып келет. Turmush басылмасынын кабарчысы жаш талант менен таанышып келди.

А.Үсөнкулов алгач 2011-жылы бала бакчага барып жүргөндө чоң энеси «Манас» китебинен үзүндүлөдү окуп берчү. Чоң атасы комуз чертип, анда-санда ыр ырдаса, чоң апасы кошок кошуп, оюнан чыгарып ыр кураган киши болгон.

Алишер 4 бир туугандын улуусу. 4 жашынан баштап ар кандай сынактарга катышып келет. 2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата Соң-Көл жайлоосунда өткөрүлгөн «Манас» фестивалында жаш манасчылар аралык «Соң-Көлдү Манас жердеген» аттуу фестивалга активдүү катышып, министрликтен сыйлык алган. Ошондой эле, райондук, облустук жаш таланттар сынагына катышып, алдыңкы орундарды алып келет.

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Айжан Кадырова Алишер мектептин сыймыгы экенин белгиледи.

«Алишер мектепте жакшы окуп, айылда өткөн ар кандай маданий иш-чаралардан калбай «Манас» айтып катышып, бир канча сыйлыктарды алып келет. Биз Алишер менен сыймыктанабыз жана мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерге жетет деп ишенебиз», - дейт А.Кадырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×