Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 21.01.2014 13:14

Нарындыктар ЖК депутатынын берген убадасын күтүп жатышат

Turmush -  Нарын районундагы Жан-Булак айылына союз маалында атайын типтүү үлгүдөгү бала бакча салынган эмес. Учурда болгону 25 бала үчүн мектептин бир бурчунан шарты толук жооп бербеген бала бакча ачылып, иштеп жатат. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Дүйшөнбек Шеримбеков аймактык кабарчыга билдирген.

«Биздин айылга жердешибиз ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков 50 орундуу бала бакча салып берем деп убада кылган. Биз болсо салынуучу жерди даярдап коюп, жердешибиздин убадасын гана күтүп жатабыз. Азырынча байкебизден эч кандай жооп келе элек», - деди Д.Шеримбеков.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×