Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Нарын облусуНарын району 22.01.2014 09:28

Нарында малдар белгисиз себептен өлүмгө учурап жатат

Turmush -  Нарын облусунун Дөбөлү айылында жандыктар белгисиз себептен өлүмгө учурап жаткандыгын айылдын тургуну бир жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында маалымдады, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Эки көзүнөн жаш агып эле, анан туруп-туруп койлор өлүп жатат. Азыркы учурда жыйырмадай койдон чыгымга учурадык», - деди айыл тургуну.

Ал эми, жергиликтүү мал доктур, айрым жарандар малдарга сайылуучу дарылар менен өз учурунда эмдетишпегендигин айтып чыкты.

Райондук бийлик окуяны жеринде иликтеп, жыйынтык чыгаруу тууралуу тапшырма берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×